Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Барскоондо асынган абалда табылган окуучу кыз ооруканада каза болду


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облусунда ооруканада жипке асынган, оор абалда түшүп, каза болгон 18 жаштагы кыздын өлүмү иликтенип жатканын бүгүн 19-февралда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кыз Барскоон айылынын тургуну болгон.

“2025-жылы 5-февралда саат 12:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге Жети-Өгүз райондук ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү келип түшкөн. Анда Барскоон айылынын 2007-жылы туулган жашоочусу жипке асынып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган. Билдирүү Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милициянын маалыматына караганда, окуя Барскоон айылындагы орто мектептин спорт (күрөш) залында болгон. Темир турникке асынган абалда табылган кызды дене тарбия мугалими көрүп калып, жипти чечип, өмүрүн сактап калууга аракет кылган. Тез жардам чакыртылып, кыз ооруканага жеткирилген. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумганы кабарланды.

Учурда милиция Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө уланып жатат. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG