Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасы үчүн жарыяланган сынактын алкагында 23 долбоор кабыл алынганын билдирди.
Жалпы 279 жарандан 439 кайрылуу түшкөн, анын ичинен талаптарга толук жооп берген 23 долбоор кабыл алынды.
7-февралда гимнди өзгөртүү боюнча мекеме аралык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыяланары маалым болгон. Гимндин тексти менен музыкасын иштеп чыгуу жараяны июнь айына чейин уланып, соңунда комиссия Жогорку Кеңешке үч вариантты сунуштай турган болгон.
Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орундарга 250 миң сомдон каражат тапшырылат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (TSh)
Шерине