Ош облустук милициясы Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө жараат алып ооруканага түшкөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 17 жаштагы К.Э. аттуу бала ооруканага түшкөнү 14-февралда кабарланган.
“Окуя боюнча териштирүү учурунда, күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Эни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен”, - деп жазылган маалыматта.
Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу мектептин дааратканасында сабалып, өзүн жоготконун, ооруканада 15 күн жатып каза болгонун ата-энеси айтып чыккан. Буга шектүү катары ошол эле мектептин 9-класстын окуучусу кармалган.
13-февралга караган түнү Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, бири денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөнүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.
12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9-11-класстарынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.
8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин, ал ооруканада экенин облустук милиция билдирди.
22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.
21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн кийин суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салганын маалымдаган. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн.
Шерине