Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эми зекет, битир-садага төлөмдөрүн “Финик” электрондук капчыгы аркылуу кабыл алуу ишке киргенин билдирди. Бул система тууралуу Нарындагы казыятта дин кызматкерлерине маалымат берилди.
Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жуманов бул платформа каржы ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын жүргүзүүнү максат кыларын, ушул жылдын апрелинен тарта бардык имамдарга стипендия төлөнө баштай турганын айтты.
Мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек Жунусалиев башкы имам-хатибдерге имамдардын жана мечиттердин документтерин тез арада толуктап чыгууну тапшырды.
Президент Садыр Жапаров былтыр 21-декабрда Элдик курултайда мындан ары ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн билдирген.
Жапаров келерки жылы март айынан тарта имамдарга 8 миң сомдон маяна берилерин, жылдын соңуна чейин ал сумма 20 миң сомго көтөрүлөрүн билдирген.
Өлкөдө азыр 4 миңдей мечит бар.
Шерине