Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Зеленский Порошенко менен Коломойскийге санкция салуучу буйрукка кол койду


Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко жана азыр камакта отурган украиналык олигарх Игорь Коломойский. 26-март, 2015-жыл.
Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко жана азыр камакта отурган украиналык олигарх Игорь Коломойский. 26-март, 2015-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин (УККК) мурда кабыл алган чечимин бекиткен жарлыкка кол койду.

Бул чечимге ылайык, мурдагы президент Петро Порошенкого жана бир катар ири бизнесмендерге каршы мөөнөтсүз санкциялар киргизилди.

Санкция салынгандардын катарында камакта жаткан миллиардер Игорь Коломойский, "Приватбанктын" мурдагы кожоюну Геннадий Боголюбов, ишкер Константин Жеваго жана учурда Орусияда жашаган, Украинада мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталган мурдагы "Жашоо үчүн оппозициялык платформа" партиясынын лидери Виктор Медведчук бар.

Бул санкцияларга ылайык, аталган адамдардын Украина аймагындагы активдери камакка алынат, экономикалык чектөөлөр киргизилет жана өзүлөрү мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат.

Петро Порошенко 2014-жылдын 7-июнунан 2019-жылдын 20-майына чейин Украина президенти болгон. 2019-жылкы шайлоодо ал Зеленскийге утулуп калган. Порошенко учурда оппозициядагы "Европалык тилектештик" партиясынын лидери жана Жогорку Раданын депутаты. Ал Украинанын эң ири бизнесмендеринин бири. 2020-жылы Forbes журналынын рейтингинде Порошенко өлкөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү сапта болгон. Анын байлыгы 1,4 миллиард доллар деп бааланган. 2021-жылы мартта анын байлыгы 1,6 миллиард долларга жеткен.

2022-жылы Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканга чейин Порошенкого мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, бийлик аны саясий себептер менен куугунтуктап жатканын билдирген.

Анын "Европалык тилектештик" партиясынан шайланган депутаттар 13-февралда Жогорку Раданын трибунасына "Саясий куугунтукка жол жок", "Диктатурага жол жок" деген жазуулар менен чыгышты.

Тергөөнүн версиясына караганда, Порошенко Медведчук менен кызматташып, Орусия көзөмөлдөгөн, өзүн республика деп жарыялап алган "ДНР" жана "ЛНР" жикчил аймактарынан көмүр сатып алуу схемасына аралашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG