Жаңылыктар | 03.11.2025 | "Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү
Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду. Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды. Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына “сүйлөшүү жемиштүү болду” деп жазды. Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуунун жаңы версиясы талкууланды.
Шерине