Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

TI: Кыргызстан жемкорлук боюнча рейтингде беш баскычка артка кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Transparency International (TI) уюму 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. Кыргызстан 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле.

Transparency International рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин, көрсөткүч алган упай менен эсептелинерин эскертип келет. Уюм айрым өлкөлөрдө жемкорлукка байланыштуу абал жакшырганы байкалганы менен, көп мамлекеттерде бул негизги көйгөй бойдон калып жатканын билдирди.

“Сот системасы мыйзамды бузгандарды жоопко тартып, аткаруу бийлигин көзөмөлдөп турбаса, коррупция гүлдөй берет. Адилеттик акчага сатылып же ага саясий топтор кийлигишкенде, карапайым адамдар жабыр тартат. Жетекчилер мыйзамдуулукту сактаган жана коррупция менен күрөшкөн институттарга инвестиция салып, алардын көз карандысыздыгына кепилдик бериши керек. Коррупция үчүн жазасыз калууну токтотууга убакыт жетти”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Дания, Финляндия жана Сингапур жемкорлук аз алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.

Transparency International 1995-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Бул изилдөө мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG