Украинадагы согушта жарадар болгон көптөгөн орусиялык аскерлер Түндүк Кореяда дарыланып, реабилитациядан өтүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик "Российская газета" басылмасына Орусиянын Пхеньяндагы элчиси Александр Мацегора айтып берди.
Анын айтымында, аскерлер ал өлкөнүн эң мыкты ооруканаларында жана санаторийлерде бекер дарыланып жатат. Элчи "жүздөгөн" кишилер тууралуу кеп болгонун тактай кетти.
Мацегора кореялыктар акчадан баш тартканын, "төлөйлү дегенде, таарынышканын" кошумчалады.
Дипломат ошондой эле Түндүк Кореяда Украинада набыт болгон аскерлердин балдары акысыз эс алып жүргөнүн маалымдады. Андан тышкары эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары кызматташып жатканын, Орусия Түндүк Кореяны көмүр, азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыздап турганын айтты.
Былтыр ноябрда Москва менен Пхеньян стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимди ратификациялаган. Документте соода, илимий-техникалык, коргонуу тармагындагы кызматташтык каралган. Бирок жараат алган орусиялык аскерлердин ал жакта дарылануусу жөнүндө айтылган эмес.
Өткөн айда расмий Сеул Түндүк Корея Орусияга дагы кошумча аскер жөнөтүп жаткан болушу мүмкүн деп билдирген. Былтыр октябрь-ноябрь айларында Пхеньян Москвага 11 миңдей аскер жөнөткөнү кабарланган.
Алардын көбү Курск облусундагы украин күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга тартылган. Түндүк кореялык жоокерлердин миңден ашууну окко учканы, айрымдары украин армиясына туткунга түшүп калганы кабарланган.
Орус бийлиги Пхеньян аскерлерин жөнөтүп жатат деген кабарларды бышыктаган эмес.
Шерине