Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Газа: Нецарим коридору ачылды, Трамп анклавды алуу ниетин кайталады


 Нецарим коридору аркылуу үйлөрүнө кайтып бараткан палестиндер. Газа тилкеси. 9-февраль, 2025-жыл
Нецарим коридору аркылуу үйлөрүнө кайтып бараткан палестиндер. Газа тилкеси. 9-февраль, 2025-жыл

Жекшембиде Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Мындай шарт ок атышууну токтотуу келишиминде каралган. Жекшембиде АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган дагы үч кишини бошоткон.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Газаны өлкөнүн карамагына алуу ниетин кайталап айтты.

Газанын карапайым тургундары Нецарим коридору менен анклавдын түндүк тарабына кайтып жатышат. Тилкенин түндүгү менен түштүгүн туташтырган туурасы алты чакырым жол согуш башталгандан бери жабык турган. Өткөн айда израилдик аскерлер коридордун бир бөлүгүнөн чыгып кеткен. Ошондон бери уруштун айынан улам жер которууга аргасыз болгон миңдеген палестин Газа шаарына деңиз жээгин бойлоп кайта баштаган.

9-февралда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ошол аскердик чөлкөмдөн толугу менен чегингени кабарланды.

"Мен абалды байкап көрөйүн деп түндүк тарапка келдим. Кудайга тобо, жол ачык экен, израилдик аскерлер чыгып кетиптир. Биз үйлөрүбүзгө кайтып барсак эле бардыгы жакшы болот", - деп айтат Хани ал Заанин аттуу газалык тургун.

Израил аскерлерин 15-январда жетишилген ок атууну токтотуу келишиминин алкагында алып кетти. Ишембиде ХАМАС ошол эле макулдашууга ылайык барымтадан үч кишини бошоткон. Арасында Юлие Бен Аминин атасы Охад Бен Ами да бар.

"Кечээ атабыз бизге кайтып келди. Кыйла арыктаса да, демдүү экен. Атам абдан кайраттуу, мен ага суктанам. Ал канча азап-тозокту баштан кечирди. Барымталагылардын баары кайтышы керек. Келишимге жетүүнү мүмкүн кылган президент Дональд Трампка ана Жакынкы Чыгыш боюнча чабарман Стив Виткоффко ыраазыбыз", - деди туткундан бошонгон кишинин кызы.

"Рейтер" жазгандай, бул жолу коё берилгендердин абалы мурдагыларга караганда начар экени байкалып турду. Алар согушкерлердин колунда 491 күн отуруп чыкты.

Израилдин түрмөлөрүнөн 183 палестин чыгарылды. Айрымдары ондогон кишинин өмүрүн кыйган чабуулдарга катышкан. 111 киши Газа тилкесиндеги согуш учурунда колго түшкөн.

Ушуну менен 19-январда келишим күчүнө киргенден бери ХАМАСтын барымтасынан 21 киши чыгарылды. Макулдашууда алты аптага созулган биринчи баскычта барымтадан 33 киши азат кылынары, 2 миңдей палестин коё берилери каралган.

АКШ, Катардын жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн документке ылайык ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек эле.

Ошондой эле февралдын башында мындан аркы эки баскыч боюнча сүйлөшүүлөр башталууга тийиш болчу.

Бирок тараптар мунаса таба элек. Израилдин маалымат каражаттары өлкөнүн делегациясы Катардагы сүйлөшүүлөргө жөнөп кеткенин жекшембиде жазышты.

Газа: Израил армиясы Нецарим коридорунан чыгып кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп 9-февралда Газаны сатып алуу жана тилкеге ээлик кылуу ниетин кайталап айтты:

"Тилкени кайра куруу ишин Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттерге бөлүп берсек болот. Биздин көзөмөлүбүз астында башкалар реконструкция кыла алат. Бирок биз өз карамагыбызга алып, ХАМАСтын кайтып келбешине көз салабыз. Алардын кайтып келер жери жок болот... Биз ал жакты кооз жерге айлантабыз. Дүйнөнүн ар тарабынан эл бара алат, палестиндерге биз кам көрөбүз".

Трамп буга чейин да Газаны тургундарын башка өлкөлөргө көчүрө туруп, анклавды урандылардан тазалап, тилкени гүлдөтөрүн айткан.

Мындай сунушту бир катар өлкөлөр, арасында Египет, Сауд Арабия, Иордания сындаган.

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган жекшембиде Трамптын Газаны алуу планын талкуулоо маанисиз сөз деп сыпаттады:

"Газа элин миң жылды карыткан байыркы мекенинен эч ким көчүрө албайт. Палестина Газа, Иордан дарыясынын батыш жээгин жана Чыгыш Иерусалимди камтыган палестиндерге таандык... Газа элин Газадан ажыратуу планы чындыктын дубалына урунуп ойрон болот."

Буга чейин Вашингтон израил-палестин жаңжалын эки мамлекет түзүү жолу менен жөнгө салууну жактап келген.

ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.

Ошол эле күнү Израил анклавда аскердик операция баштаган.

ХАМАС башкарып келген аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин жекшемби күнкү маалыматына караганда, андан бери тилкеде 48 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды.

Газанын келечеги кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:00 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG