Ош шаарынын муниципалдык, коммуналдык жана жол ишканалары менен мекемелерине атайын техникаларды сатып алуу үчүн Ош мэриясына Турукташтыруу фондунан 500 миллион сом бөлүнөт. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Турукташтыруу фонду Кыргызстанда бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн деген негиз менен 2021-жылы түзүлгөн.
Фонддун негизги максаты өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана экономиканын тышкы терс факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү экени айтылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы ноябрь айында криминалдык топтор менен күрөштөн түшкөн каражат президенттин жарлыгы менен Турукташтыруу фондуна же бюджетке которулуп жатканын айткан. (BTo)
Шерине