Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-февралда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган облустарда жана дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 5…7° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG