Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 18 жашка толо электерге үгүт иштерин жүргүзүүгө жана үгүт материалдарын таратууга тыюу салууну сунуштоодо.
“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды.
Документ парламенттин расмий сайтына жайгаштырылган. Эл өкүлү мыйзамдын долбоору жашы жете электердин үгүт иш-чараларына катышуусуна тыюу салган ченемди кеңири чечмелөө максатында иштелип чыкканын белгилеген.
"22-берененин 15-бөлүгүндө “18 жашка толо элек адамдар” деген сөздөр алып салынсын. Бул өзгөртүү жашы жете электердин үгүт иштерине катышуусуна жалпы тыюуну алып салып, алардын шайлоо процессине катышуусун деталдуу жөнгө салууга негиз түзөт. Мындай мамиле жаш жарандардын жаш өзгөчөлүгүн жана жетилгендик деңгээлин эске алып, аларга белгилүү бир шарттарды сактоо менен өлкөнүн саясий турмушуна аралашууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы 15-1 бөлүктүн киргизилиши 18 жашка толо элек адамдарга үгүт иштерин жүргүзүүгө жана үгүт материалдарын таратууга тыюу салууну карайт, бул жашы жете электердин укуктарын коргоонун эл аралык тажрыйбасына туура келет", - деп белгиленген документте.
16 жаштан 18 жашка чейинки курактагы адамдар талапкердин шайлоо алдындагы үгүт иштерине (үгүтчү катары эмес - ред) катышууга алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен катыша алат. Демилгечи депутат сунуш жаштарды жарандык жактан тарбиялоого көмөктөшөрүн белгилеген.
Буга чейинки шайлоолордо үгүт иштерине мектеп, коллеж окуучулары да катышып, студенттер айрым жолугушууларга барууга аргасыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар айтылган.
Байкоочулар шайлоолордо студенттерди жыйындарга мажбурлап катыштырган учурлар көп экенин айтып келишкен.
Азыркы мыйзам боюнча окуучулар үгүт иштерине тартылып, аралашпоосу керек. Ал эми студенттердин окуудан сырткары убакытта бир партияны жактап, ага иштөөгө укугу бар. 2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда Алай районунун Гүлчө айылында окуучулар үгүт иш-чарасына катышканы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев кызматтан кеткен. (КЕ)
Шерине