Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Кытайдын Харбин шаарында IX Кышкы Азия оюндары башталды


Харбин, Кышкы Азия оюндары. 2025
Харбин, Кышкы Азия оюндары. 2025

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Кытайда 2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады. Мамлекет башчыны жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

2025-жылкы IX Кышкы Азия оюндарынын ачылышынын урматына арналган расмий кабыл алуу иш-чарага Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах, Тайланддын премьер-министри Пхетхонгтхан Чинават, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы У Вон Шик жана башка расмий адамдар катышууда.

Кыргызстандын атынан быйылкы Кышкы Азия оюндарына 53төн ашуун спортчу катышат. Алар спорттун 6 түрүнөн, көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, слалом, кёрлингден күч сынашат.

IX Кышкы Азия оюндары - 2025 быйыл Кытайдын Харбин шаарында өтүүдө. 7-февралда башталган мелдеш 14-февралга чейин уланат. Ага 34 өлкөдөн 1300дөй спортчу катышып, спорттун 6 түрүнөн мелдешет.

Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы Кытайга 4-февралда мамлекеттик сапар менен барган. 7-февралга чейин улана турган сапар Кытай лидеринин чакыруусу боюнча уюштурулганы расмий айтылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG