Кошмо Штаттардын президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Мюнхен конференциясында согушту жайгаруу планын сунуштайт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, жыйын 14-16-февраль күндөрү өтөт.
Пландын чоо-жайы азырынча белгисиз. Bloomberg белгилегендей, соңку жумаларда Келлог жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү өз сөздөрүндө "күч аркылуу тынчтыкка жетүү" планы тууралуу кыйытып келишкен. Ага ылайык, куралдуу жаңжал убактылуу токтотулуп, Орусия оккупациялап алган аймактардын макамы арсар бойдон калат. Андан тышкары Украинага коопсуздук кепилдиктери берилери күтүлүүдө. Бирок кандай кепилдиктер болору белгисиз.
5-февралда Келлог Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышарын жарыялады.
"Мен Дональд Трамптын Украинадагы абдан кымбатка турган кандуу согушту токтотуу максаты тууралуу сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн", - деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.
Буга чейин Келлог Трамптын командасында согушту токтотуп, Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча ишенимдүү план бар экенин билдирген.
5-февралда Кремль согушту жайгаруу боюнча АКШ өкүлдөрү менен байланыштар күчөгөнүн маалымдады. Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Пеской Москва Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.
Андан мурда Орусиянын лидери Владимир Путин Зеленскийдин легитимдүүлүгүнө шек келтирип, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын бир нече ирет кайталаган.
Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан.
Шерине