Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.
Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.
Мындан тышкары мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.
Катардагы жарандар үчүн айып пул эки миңден беш миң рублга чейин, кызмат адамдары үчүн 35-50 миң рубль, юридикалык жактар үчүн 400-500 миң рублди түзөт.
Бул мыйзамдардын топтому Мамлекеттик Думага былтыр "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин киргизилген. Анда 145 кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашууну жараат алган.
Кылмышка шектүү катары Борбор Азиянын бир нече жараны кармалган. Окуядан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөдү. (AiA)
Шерине