5-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Актауда кыйраган учакты орус ракетасы атып түшүргөнбү?
Казакстанда кыйраган "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы орусиялык "Панцирь-С" ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Reuters агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булагына таянып жазды.
"Азербайжан тарапта "Панцирь-С" ракетасынын калдыктары бар. Ал учактан чыгарылып, эл аралык экспертиза тарабынан аныкталган", — деп жазылган кабарда.
25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.
Орусияда миграциялык жаңы эреже күчүнө кирди
Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.
Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары мыйзамсыз мигранттарга тыюу салынган кызматтарды көрсөткөн адамдар айыпка жыгылат.
Депутат Талиева орус өкмөт башчысы Мишустиндин сөзүн сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин “Кыргызстанда орус ишканалары кысымга жана опузалоого кабылганы тууралуу” сөзүнө татыктуу жооп бере алган жок деп сынга алды. “Бизге “мыйзамсыз аракет, басым, талоончулук” деген негизсиз кинелер коюлуп калды. Михаил Мишустин улам-улам “Киргизия, Киргизия” дейт. Биздин мамлекеттин Кыргыз Республикасы деген мыйзамдуу аталышы бар. Эмне үчүн Киргизия дейт? Өкмөт башчыбыз дипломатиялык тил менен жооп бере албай койду”, - деди ал. Ушул эле маселени депутат Жанар Акаев да көтөрдү. Мишустин Касымалиев менен 31-январда Алматыда жолукканда Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга “кысымын жана негизсиз дооматтарын” токтотушу керек деп талап кылган. 3-февралда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берген. Ал коюлган дооматтарды четке кагып, “Михаил Мишустин чарбалык маселеге саясий боёк берип жибергенин” билдирген.
Кремль АКШ менен Украина маселесин талкуулап жатканын ырастады
Москва менен Вашингтондун Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча байланышы күчөгөнүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын эки өлкө ортосундагы “өтө конструктивдүү” сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүн ушинтип чечмеледи.
"Айрым мекемелердин ортосунда чындыгында байланыштар бар. Алар соңку күндөрү күчөдү. Бирок мен силерге башка деталдарды айта албайм", - деди Песков.
Ал орус президенти Путиндин украин лидерин легитимсиз деп бир нече жолу айтканына карабай, Москва Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады. Шейшембиде украин президенти Зеленский британ журналисти Пирс Морганга Путин менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурууга даяр экенин билдирген.
Милиция: Журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди. Журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Мээрим Ташыбекова былтыр өзүн укук коргоо органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырган шылуундарга алданганын айтып, милиция ыкчам иштебей жатканын билдирген. Ал ар кайсы банктардан баш-аягы 800 миң сомдон ашык насыя алып, шылуундарга которгонун, андан тышкары депозиттеги 100 миң сомунан да айрылганын айткан.
Вице-спикер ЖКнын аппаратын сынга алды
Жогорку Кеңеште айрым депутаттар парламент кабыл алган мыйзам долбоорлорунун кээ бир беренелери президентке кол коюуга өзгөртүлүп киргизилип жатканын айтып чыгышты. Парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бул маселени иликтеш керектигин айтты. “Президенттин аппараты, юристтери Жогорку Кеңештин аппаратын минип алышкан да. Биз (Жогорку Кеңеш) кабыл алгандай эмес, булар(Президенттин аппараты) айткандай кылышат. Ошондуктан ар бир комитетти изилдеп чыгышыбыз керек”, - деди ал. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.
Тажикстанда төңкөрүш аракетине айыпталгандар абакка кесилди
5-февралда Тажикстандын Жогорку соту “төңкөрүш жасоо аракети” боюнча айыпталгандарга өкүм чыгарганын "Озоди” радиосу билдирди. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, күч түзүмдөрүнүн отставкадагы жетекчилери баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар жана журналисттер бар. Алар эң аз дегенде 8 жыл, эң көп 27 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сот жараяны тергөө абагында жабык өттү. Айыпталуучулардын көбү коюлган айыптарды четке каккан. “Төңкөрүш жасоо аракети” деп аталган кылмыш иши боюнча сот былтыр 14-ноябрда башталган. Соттолуучулардын жакындары сот залына киргизилбей, адвокаттар журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат.
Таласта келинди уул-кызы менен сүзгөн айдоочунун иши кыскарды
Таласта үч адам каза болгон жол кырсыгына шектүү айдоочунун иши соттон кыскарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эки тарап өз ара келишип алгандыктан иш Талас шаардык сотунан кыскарып, 27-январда шектүү эркиндикке чыккан. Былтыр 23-октябрда Талас шаарындагы №4 мектептин жанында ак түстөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсык тартылган видеодон өз жолу менен уул-кызын жетелеп көчөдөн өтүп бараткан келинди, анын эки баласын коюп кеткенден кийин бул автоунаа дагы үч жеңил машинеге барып урунганын көрүүгө болот.
Шерине