Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Reuters: Актауда кыйраган учакты орус ракетасы атып түшүргөн


Казакстандын Мангыстау облусунда кыйраган Азербайжан аба жолдорунун учагы.
Казакстандын Мангыстау облусунда кыйраган Азербайжан аба жолдорунун учагы.

Казакстанда кыйраган "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы орусиялык "Панцирь-С" ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Reuters агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булагына таянып жазды.

"Азербайжан тарапта "Панцирь-С" ракетасынын калдыктары бар. Ал учактан чыгарылып, эл аралык экспертиза тарабынан аныкталган", — деди Reuters агенттиги аты аталбаган булак.

4-февралдын кечинде Казакстандын Транспорт министрлиги авиакырсык боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады. Анда учактын конструкциясында сырттан кирген объектилер табылганы жана алар “ар кандай өлчөмдөгү жана формадагы бузулууларга” алып келгени жазылат.

25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин ачкан. Кырсыкты Казакстандын, Азербайжандын жана Орусиянын адистери иликтеп жатышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG