Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

ИИМ Маданият министрлигинин кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын маалымдады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелердин биринин жетекчиси, 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалганын билдирди. Ал коррупцияга шектелүүдө. Маалыматка караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Маданият министрлигинин кызматкерлери тарабынан жасалма документтердин негизинде 1,8 млн сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду.

Шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, бөгөт чарасы каралып жатканы кабарланды.



Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Маданият министрлиги жана шектүүнүн жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG