Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Билим берүүдөгү инновациялар боюнча улуттук форум өтүүдө


Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Бишкекте бүгүн 5-февралда билим берүүдөгү инновациялар боюнча улуттук форум өтүүдө. Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурду.

“Билим берүүдөгү инновациялар: иш берүүчүлөр
жана бизнес-ассоциациялар формалдуу эмес билим берүүнүн өнүгүшүнүн жана өзгөрүшүнүн кыймылдаткычы” деген темада өтүп жаткан форумга мамлекеттик органдардын, бизнес- ассоциациялардын, формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер
Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер

Уюштуруучулар белгилегендей, Кыргызстандын эмгек рыногу азыркы тапта жумуш күчүн өнүктүрүүдө жаңы ыкмаларды талап кылууда. Адаттагыдай (формалдуу) кесиптик билим берүү фундаменталдуу ролго дагы эле ээ, бирок формалдуу эмес багыт да рынок талаптарына ылайыкташууга, жумушсуздарды жана кесиптик деңгээли төмөн жарандарды кыска мөөнөттө окутуп, алардын ишке орношуусун жеңилдетүүгө жардам берүүдө.

Формалдуу эмес билим берүү – салттуу билим берүү мекемелеринен жана формалдуу программалардан тышкары окутуу процесси. Бул концепция адамдын жеке тажрыйбасына жана жеке кызыкчылыктарына негизделген билим берүүнүн бардык түрлөрүн камтыйт.

Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3,3 процент экенин былтыр жыл соңунда билдирген. Бирок чыныгы көрсөткүч кыйла жогору экенин бейрасмий булактар айтып келишет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG