Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Бээжинде кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюлду


Садыр Жапаров Бээжинде. 2025-жылдын 5-февралы.
Садыр Жапаров Бээжинде. 2025-жылдын 5-февралы.

Кыргызстан Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесин жогору баалайт жана анын алкагында мындан дагы масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр. Бул тууралуу бүгүн 5-февралда президент Садыр Жапаров Кытайдын борбору Бээжинде бул өлкөнүн төрагасы Си Цзинпин менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров Кытайдын төрагасынын демилгеси менен түзүлгөн “Кытай – Борбор Азия” регионалдык кызматташуу боюнча жаңы форматтын ишине салым кошууга Кыргызстан даяр экенин да баса белгиледи жана катчылыгын түзүү боюнча сунушун колдой турганын билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине жеткенин айтты.

Эки жетекчинин жолугушуусунан кийин алардын Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган макулдашуу, меморандумдар жана башка документтер арасында “Бир алкак, бир жол” демилгеси менен Кыргызстандын 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын биргелешип алдыга жылдыруу программасы, социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу, Кыргызстандын сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча, Ош шаардык ооруканасын жана Президенттик оорукананы медициналык жабдуу боюнча кат алмашуу, Тышкы иштер министрликтери ортосунда стратегиялык диалог механизмин түзүү меморандумдары бар.

Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын туристтик сапарларын жеңилдетүү, экономикалык өнүгүү жана реформа жаатында кызматташуу, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу, санариптик экономика чөйрөсүндөгү, жасалма интеллект тармагындагы, таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумдар кабыл алынды.

Кытайга төө буурчак экспорттоодогу фитосанитардык талаптар, бул өлкөгө экспорттолуучу жуулган жүнгө жана кашемирге, тоок этине инспекциялык, карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протоколдор да кабыл алынды. Илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу, турак жай, шаар куруу жаатында кызматташууну чыңдоо жана илимдер академиялары ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү документтерге дагы кол коюлду.

Садыр Жапаров баштаган расмий делегация 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Сапар Кытай лидеринин чакыруусу боюнча уюштурулду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG