Кыргызстанда 2024-жылы түрдүү кырсык болгон учурда камсыздандырылган турак жайларга 73 млн сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу 4-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму мекемесинин төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.
Анын белгилешинче, Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу 10% тегерегинде болсо, азыр 20% жетти. Бул турак жай фондунда 1,2 млн үй катталса, анын 230 миңи камсыздандырылган деп эсептелет.
Ал эми автокырсыкка учуруган унааларга былтыр 33 млн 726 миң сом төлөнгөн.
Соңку мезгилде табигый кырсыктар элет тургундарын бир топ зыянга учуратты. Өкмөттөн жетиштүү жардам алууга алардын үй-жайын жана башка мүлкүн камсыздандырбаганы тоскоолдук жаратып жатканы айтылып келген.
Кыргызстандын мыйзамдарында турак жайды камсыздандыруу милдеттүү деп көрсөтүлгөн. Бирок 2016-жылдан бери муну эске алгандар 10% ашпай келген.
Былтыр жазында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталын 394,3 млн сомдон 994,3 млн сомго чейин көтөрүү чарасы каралып жатканын президент Садыр Жапаров билдирген.
Мамлекет башчысы ошондой эле жеке тараптарды мүлкүн жана автоунааларын түрдүү кырсыктардан коргоону камсыздоо үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна каттоого чакырган жана мамлекеттик уюм ишенимдүү болорун белгилеген. Ошондой эле жарандардын мүлкүн коргоого алардын укуктары менен эркиндигин коргоо сыяктуу эле артыкчылык берилиши керектигин айткан.
Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу тармагына мамлекеттик колдоо жетишерлик болбогондуктан өлкөдө камсыздандыруу деңгээли төмөндөп кеткенин өкүнүч менен белгилеген. Ошол эле маалда камсыздандыруунун келечегин туура түшүнгөн жеке жактар мамлекеттен озунуп, жеке камсыздандыруу компанияларын ачканын айткан.
Ушул тапта өлкө аймагында 1 мамлекеттик жана 14 камсыздандыруу компаниясы иштейт. (КЕ)
Шерине