Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Тажикстан менен Ирандын ортосунда визасыз режим күчүнө кирди


Эки мамлекеттин туулары.
Эки мамлекеттин туулары.

3-февралдан тартып Тажикстандын жана Ирандын жарандары бири-бирине аба жолдору менен визасыз каттай алат. «Озоди» радиосу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен жазгандай, жарандар 90 күндүн ичинде кошуна өлкөдө 30 күн визасыз жүрө алат. Бул үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспорттун болушу жетиштүү.

«Мындай чара авиакаттамдар үчүн гана каралган. Мамлекеттик чек арадан үчүнчү өлкөдөн же унаа менен өткөн жарандар виза алышы керек», - деп эскертти министрлик.

Ошондой эле узак мөөнөткө, мисалы, окууга же иштөөгө бараткандарга да виза талап кылынат.

Тегеран менен Душанбе виза режимин алуу тууралуу меморандумга 2023-жылдын ноябрында кол койгон.

Ушу тапта Тажикстан менен Иран ортосунда жумасына үч авиакаттам ишке ашырылат. «Озоди» Иранга ондогон тажикстандык турист катары же дарылануу максатында барарын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG