3-февралга караган түнү Орусиянын Волгоград шаарында украиналык пилотсуз учактардын чабуулунан мунай иштетүүчү заводду өрт чалды. Бул тууралуу региондун губернатору Андрей Бочаров маалымдады. Анын сөзүнө караганда, дрондун сыныктары кулаганда чыккан “чакан өрттүн” жайылып кетпеси үчүн ылдам чара көрүлдү.
Baza каналы ишкана “Лукойл” компаниясына таандык деп жазды.
Бочаров пилотсуз учактардын көбү атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын жана электр энергиясы менен камсыздоо кыйындаганын кошумчалады.
Дрондордун чабуулуна Астрахань аймагы, анын ичинде отун-энергетикалык комплекстин ишканасы да туш болгонун облус губернатору Игорь Бабушкин жазды.
Astra жана Baza Телеграм-каналдары жергиликтүү тургундарга таянып сокку “Газпромдун “ишканасына урулганын, ал жакта өрт тутанганын кабарлашты.
Украин тарап бул маалыматка байланыштуу комментарий жасай элек.
31-январда украин Куралдуу күчтөрү Волгограддагы мунай иштетүүчү заводго сокку урулганын бышыктаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү 70 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Ал арада Азербайжан аба жолдору (AZAL) компаниясы Баку-Астрахань, Астрахань-Баку каттамдарын убактылуу токтотконун билдирип, бирок канча мөөнөткө экенин тактаган жок.
Компаниянын учагы былтыр 25-декабрда кырсыкка учураганда Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын актылоосуна кабылганын айтууда. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.
Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.
Шерине