Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Херсон облусунда бир киши набыт болду, кеминде 13 тургун жараат алды


Херсонго буга чейин урулган соккунун кесепети. 9-январь 2025-жыл.
Херсонго буга чейин урулган соккунун кесепети. 9-январь 2025-жыл.

Орус армиясынын Херсон облусуна урулган соккусунан бир киши набыт болду, кеминде 13 тургун, арасында эки наристе жабыркады. Бул тууралуу 3-февралда жергиликтүү администрация билдирди.

Бийлик бутага маанилүү инфраструктура, турак жайлар жайгашкан райондор алынганын айыптады. 24 саатта төрт көп кабаттуу үй жана 21 жер там зыян тартты. Бардыгы болуп облустагы калк жашаган 28 айыл-кыштакка сокку урулган.

Маалыматка караганда, Херсондо, Антоновкада жана Бериславда пилотсуз учактар көчөдөгү кишилерге каршы колдонулган.

Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин ага чейин дрондор Херсон шаарында эл ташыган унааны бутага алганын, беш киши, анын ичинде эки бала жарадар болгонун маалымдаган. Жетекчи ошондой эле жарым-жартылай ураган үйдүн, өрттөнүп жаткан машинанын видеосун чыгарды.

Ал арада Полтавада аман калгандарды издөө иши токтоду. 1-февралда көп кабаттуу үйгө урулган сокку 14 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы билдирди.

БУУнун январдын башында жарыялаган маалыматы боюнча Орусия кошуна өлкөсүнө кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада 12 миңден ашуун жайкын тургун каза тапты, 27 миңге жакыны жарадар болду. Уюм реалдуу сандар мындан жогору болушу ыктымал деп болжолдойт.

Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG