Сириянын Манбиж шаарынын жака белинде болгон жардыруудан бери дегенде 19 киши өлдү, ондогон киши жараланды. AP агенттиги жергиликтүү оорукананын кызматкерлерине шилтеме менен маркумдардын 18и аялдар экенин жазды.
Машинага коюлган бомба айыл чарбада иштеген аялдарды ташып баратканда жарылган. Жарадар болгондордун айрымдары оор абалда деп кабарланды. Жергиликтүү тургундардын бири жарылган машина жолдун боюнда турганын айтып берди.
Окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.
Жарандык коргонуу кызматынын жетекчи орун басары Мунир Мустафанын айтымында, бир айдын ичинде шаарда ушуну менен 7-машина жарылды.
Алеппо аймагындагы Манбиж президент Башар Асад декабрда кулатылгандан бери зордук-зомбулукка туш болууда.
Түркия колдогон Сириянын улуттук армиясы АКШга таянган, күрд кошуундары баштаган Сириянын демократиялык күчтөрү менен кагылышып келатат.
Мустафа Манбиждеги жарылуу Сирияда коопсуздук орнотуу жана экономиканы калыбына келтирүү жараянына көлөкө түшүргөнүн билдирди.
Өткөн ишембиде сөз болгон шаарда дүрмөттөлгөн машинанын жарылуусунан карапайым төрт киши набыт болгонун, тогуз киши жабыркаганын SANA агенттиги кабарлаган.
Шерине