Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Орусия Одессанын тарыхый жайларына сокку урду, жабыркагандар бар экени кабарланды


"Бристоль" мейманканасы, 31-январь.
"Бристоль" мейманканасы, 31-январь.

31-январда кечинде Орусиянын армиясы Украинанын Одесса облусуна ракетадан сокку уруп, жети киши жараат алды, тарыхый жай зыян тартты. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Киперге шилтеме кылып “Свобода” радиосу жазды.

Анын айтымында, жараат алгандардын бардыгы ооруканага жаткырылды, алардын абалы орточо оор деп бааланып жатат. Каза болгондор жок экени кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сокку урулган аймакта норвегиялык дипломаттар дагы болгонун билдирди.

Мындан сырткары Орусия армиясынын соккусунан ЮНЕСКОнун коргоо аймагындагы бир нече имарат зыян тартты. Алардын катарында музей, филармония жана XIX кылымда курулган “Бристоль” тарыхый мейманкана дагы бар.

Зеленский орус тараптын Одессадагы тарыхый жайларды аткылоосун “атайылап жасалган сокку” деп атады.

Украинанын ыктыярчылардан турган “Юг” армиясынын өкүлү Сергей Братчук Орусия оккупацияланган Крым аймагынан болжол менен "Искандер-М" ракетасы менен атканын белгиледи.

Учурда чабуулдун жагдайлары дагы такталып жатканы кабарланды. Аскерий кылмыш беренеси боюнча иш козголду.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карай Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин эске салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG