Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

AP: Вашингтондогу Рейган аэропортуна жакын жерде тик учак учуусуна убактылуу чектөө салынды


Потомак дарыясына кулаган учактын сыныктары. Вашингтон, 30-январь 2025-жыл/
Потомак дарыясына кулаган учактын сыныктары. Вашингтон, 30-январь 2025-жыл/

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) Вашингтондогу Рональд Рейган аэропортуна жакын жерде тик учактардын учуусуна убактылуу чектөө салды. Бул тууралуу The Associated Press (AP) кабар агенттиги расмий булакка таянып жазды.

Мындай чечим шаршемби күнү аскердик тик учак менен жүргүнчү ташыган учак кагылышып, 67 киши каза болгондон кийин кабыл алынды.

Жума күнү полиция кызматкерлери Потомак дарыясында сөөктөрдү издөө ишин улантышты. Иликтөөнүн чоо-жайын ачыкка чыгарууга тыюу салынгандыктан атын атабаган эки булак 31-январда 40тан ашуун сөөк алынып чыкканын агенттиктин кабарчысына айтып беришти.

Ага чейин Bombardier CRJ700 учагынын “кара кутулары” табылганын, лабораторияларга жөнөтүлгөнүн АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук мекемеси кабарлаган. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, иликтөө боюнча баштапкы маалымат 30 күндүн ичинде чыгат деп күтүлүүдө.

Кырсыкка учураган учак American Airlines авиакомпаниясынын каттамын аткарып, Вашингтонго Канзас штатындагы Вичита шаарынан учуп барган. Аэропортко коноордо тик учак менен кагылышкан.

Лайнерде 64 киши, ал эми тик учакта үч аскер кызматкери болгону маалымдалган.

Учакта көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону ырасталды. Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG