Президент Садыр Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө салым кошкон үчүн бир катар ишкерлерге жана компанияларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.
31-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, “Даңк” медалы “Салих ЛТД” компаниясынын жетекчиси Равшан Абдурахимовго, “Прод Импекстин” директору Шайлоогүл Майлиевага, “Ак-Куу” компаниясынын директору Нургүл Малабаевага, “Альфа Ойлдун” башчысы Акылбек Маматовго, “АЛАЙКУ Органикс” компаниясынын башкармасынын төрагасы Аскарбек Маметжановго, “Кант-Сүттүн” уюштуруучусу Суюндук Кадыровго, “Альфа” майэкстракция заводунун” башкы директору Азамат Осмонбаевге “Даңк” медалы ыйгарылды.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери” наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
- “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абдрахманов,
- “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Рысгүл Акимжанова,
- “Бай Дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрлист Акунбеков,
- Куликовский” кондитердик үйү” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Денис Гайворонский,
- Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Мырзабек Орумбаев,
- “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун уюштуруучусу Туратбек Укубаев.
Мындан тышкары “Кант цемент заводунун” директору Павел Дехтярев, “Умай Групптун” башчысы Павел Кочергин, “Ноокат алмасы” кооперативинин директору Кудретилла Маматов жана “Кока-Кола Бишкек боттлерс” компаниясы Ардак грамота менен сыйланды.
Эл аралык ишкердик кеңеши 2024-жылы мамлекеттик мекемелердин ишкерлерди текшерүүсү көбөйгөнүн, алардын колдонгон чарасы ишкердикке тоскоол болуп жатканын жыл жыйынтыктаган билдирүүсүндө белгилеген. Ошондой эле жер участоктору, коммерциялык имараттар, өндүрүштүк жайлар жана социалдык аянтчалар жеке жактан мамлекетке өткөрүлүп жатканын, мындай улутташтыруу өнөктүгүнөн ак ниет ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү зыян тартып калышы мүмкүн экенине көңүл бурган.
Былтыр 9-январда президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу негизсиз текшерүү болсо өзүнө кайрылууга чакырган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети убагында жеке жактарга мыйзамсыз берилген делген мүлктү мамлекетке өткөрүп алуу өнөктүгүн улантууда. Алардын арасында жер участоктору, имараттар, социалдык объектилер, мейманканалар, базарлар жана башка жайлар бар.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке кайтарылып жаткан мүлк убагында мыйзамсыз берилгенин, мыйзам чегинде ээлик кылынган жеке мүлккө мамлекет тийбей турганын быйыл июлда билдирген.
Шерине