Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

УКМК өзүн "атайын кызмат өкүлү" деп тааныштырган шылуундардан сак болууга чакырды


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телефон чалып, өзүн атайын кызматтын өкүлү катары тааныштырып, шылуундук кылгандар боюнча билдирүү таратты. Мекеме 31-январда билдиргендей, соңку учурларда алдамчылар ачык маалымат булактарынан жарандардын маалыматын чогултуп, кийин телефон чалып, акча каражаты боюнча коркунуч бар экенин эскертип, аны бир эсепке которууга же накталай түрдө берип жиберүүгө ынандырган окуялар катталууда. Алданган кишилер алар УКМК кызматкери экенине ишенип калып жатканы белгиленди.

“Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат. Мындан улам, УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда КР УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04; -75, 62-65-04”, - деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Буга чейин жарандарга телефон чалып, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, акча каражатын уурдаган учурлар катталган. Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы Мээрим Ташыбекова ушундай шылуундарга алданып, 800 миң сом чыгым тартканын айтып чыккан. Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Kaktus.media басылмасы Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери өзүн “УКМКнын кызматкеримин” деп тааныштырган адамга алданып, жалгыз батирин өткөрүп бергени тууралуу жазып чыкты.

2024-жылы октябрда Ички иштер министрлиги жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкенин билдирген.

Ага чейин Улуттук банк шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, жарандарды сак болууга чакырган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG