Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Кыргызстанда диний уюмдарды каттоо убактылуу токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний уюмдарды каттоо үчүн арыз кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 30-январда кабарлады.

Комиссия 2025-жылдын 1-февралынан тартып “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам күчүнө кирерин белгилеп, муну диний уюмдар боюнча маалымат базасын жаңыртуу иш-чаралары өткөрүлөрү менен түшүндүрдү.

Президент Садыр Жапаров 21-январда "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ал мыйзам долбоорун талкуулоодо дин мыйзамында негизги карама-каршылык дааватчылардын үймө-үй кыдыруу маселесинде болгонун Фейсбук баракчасына жазган эрежелерди так жазууну муфтият менен Аалымдар кеңешине тапшырган.

Садыр Жапаров ислам дини Кыргызстанда эле 33 агымга бөлүнгөнүн айтып, алардын айрымдарына сот тыюу салганына карабай ишмердигин улантып жатканын белгилеген. Алар китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, эреже бузгандар кармалып жатканын айткан.

Президент кыргызстандыктарды бир эле салттуу дин менен жашоого чакырып, аны жолго коюуга муфтият менен дин аалымдарын көмөктөшүүгө чакырган.

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 25-декабрда кабыл алган. Аны Министрлер кабинети демилгелеген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын былтыр ноябрдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4 313 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Анын 3 миң 914ү ислам, 395и христиан багытындагы уюмдар. Алардан тышкары 3 бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттер жамааты каттоодо бар. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG