Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Балдар менен иштеген социалдык кызматкерлердин саны көбөйтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин саны көбөйтүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын сайтына 30-январда чыккан маалыматка ылайык, жаңы 550 штаттык бирдик киргизилди жана ал кызматкерлер турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштейт.

“Жаңы социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликке ыкчам жооп кайтарышат, ошондой эле алардын алдын алуунун үстүндө иштешет. Алардын иш-аракеттери ар бир баланын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган. Ушул жылдын 1-февралынан тартып региондордо иштеп, колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталат”, - деп жазылган маалыматта.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мекеменин шаардык, райондук жана район аралык башкармалыктарында 892 социалдык кызматкер эмгектенет.

Жыл башындагы маалыматка караганда, алар 8 986 жарандын үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG