Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын К.С.А. аттуу жараны Ооганстандан алып келинген баңгизатты алуу жана таратууга шектелип кармалганын билдирди. Мекеменин 30-январдагы маалыматына караганда, шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылынын аймагында колго түшкөн. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда салмагы 800 грамм болгон баңгизаты табылган.
УКМК баңги каражаттарды алуу жана таратуу каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканын билдирди.
2024-жылы баңгизаттар боюнча 1087 кылмыш аныкталганын, анын 144 фактысы интернет аркылуу маңзат сатууга байланыштуу экенин ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 24-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирген. Ал интернет аркылуу маңзат сатуу көйгөйү курчуп жатканын белгилеген.
Атайын кызмат былтыр жайында Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан багытында жана Ош облусуна баңгизаттарын таратуу менен алектенген кылмыштуу топ аныкталып, кармалганын билдирген. Шектүү үч жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет, ал үчүн 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (КЕ)
Шерине