Жогорку Кеңештин 30-январдагы жыйынында депутаттар санарип өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин карап, жактырды. Жыйында Жамангулов санариптештирүү жаатында азыр аткарылып жаткан иштер уланарын, ар бир министрликтеги жетекчинин санариптештирүү боюнча орун басарына башка да жоопкерчиликтер берилип калганын, бул жаатта иштер жүрөрүн билдирди.
“Калкты тейлөө борборлору боюнча элден ар кандай нааразылыктар келип жатат. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн 2025-жылы “Түндүк” тиркемесин өнүктүрүүнү пландап жатабыз. Ошол аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнү 30 пайыздан 50 пайызга көбөйтүп, калкты тейлөө борборлорунун жүгүн азайтабыз. Мамлекеттик мекемелердин баарында эле маалыматтык системалары жок, болсо да аны жеке компаниялар түзүп берген. Бул жерде маалыматтык коопсуздук деген маселе турат. Ошол үчүн бул демилгени биз өзүбүзгө алып, жасап беришибиз керек”, - деди Жамангулов.
Депутат Дастан Бекешев мурда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагында болгон Калкты тейлөө борборлорунун президенттин Иш башкармалыгына өткөнүн сынга алды.
Жамангулов бул чечим президент менен анын Иш башкармалыгынын ортосунда кабыл алынганын, мындай жагдайдын оң жактары да бар экенин белгиледи. Санарип өнүктүрүү министрлиги “Түндүк” системасын жүргүзгөнү үчүн бул багытта башкармалык менен чогуу иштей турганын, жакында бул боюнча жыйынтык болорун айтты.
29-январда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматтан алынып, ордуна Жамангулов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
38 жаштагы Азамат Жамангулов 2010-жылы Кыргыз-орус славян университетин бүтүргөн. 2009-2015-жылдары “АТФ банк”, “Демирбанк” жана “РСК” банктарында иштеген. 2021-жылга чейин “Кыргызстандын лизинг компаниясында” эмгектенген.
2023-жылы “Мега” компаниясынын санариптик маркетинг бөлүмүнүн башчылыгы кызматын аркалаган. (TAb)
Шерине