Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Өмүрбек Текебаев виза боюнча элчиликке айтылган сынга жооп берди


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 29-январда Жогорку Кеңеште элчиликтин виза берүү ишинде “коррупция болуп жатканы” боюнча айтылган сынга жооп берди. Элчи Фейсбуктагы баракчасына 30-январда жарыялаган видеосунда элчиликтеги виза берүү процессинде адам фактору жокко чыгарылганын жана коррупцияга жол берилбей турганын айтты.

Элчинин айтымында, жылына Кыргызстанга Германиядан 15-17 миң немис жараны барып келет, алардын бири дагы Берлиндеги кыргыз элчилигине кайрылбайт.

Текебаев 2017-жылы Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) коррупцияга каршы күрөшүү жана виза берүүнү жеңилдетүү үчүн электрондук виза порталын ачканын, немис жарандары узак мөөнөттүү виза алуу үчүн ошол платформага өтүнмө калтыра турганын кошумчалады.

“Мунун маңызы – виза алгысы келген чет элдик жаран кыргыз дипломаты менен түздөн-түз байланышып, жүзмө-жүз көрүшүп, коррупциялык алака түзө албасын деген ниет. Бул долбоор коррупциялык тобокелдикти минимумга түшүрөт. Ошол Алдахунов анын ишин кайсы дипломат карап жатканын билбейт, жүз көрүшпөйт, акча берем десе да бере алышпайт. Анткени консулдук акыны дагы, документти дагы портал аркылуу Кыргызстанга жөнөтөт. Документтер так болсо, анын өздүгү атайын кызматтарда шек жаратпаса, ал токтоосуз түрдө виза алат”, - деди Текебаев.

Элчи кээде документтер так, толук болбой каларын, мындай учурда чет элдик жаран кайра арыз берүүгө укуктуу экенин, ар бир кайрылууда консулдукка акы катары 50 АКШ доллары төлөнүшү керектигин белгиледи. Бул каражат “коррупция эмес, мыйзамда көрсөтүлгөн кызмат акы” экенин, мындай практика көпчүлүк өлкөлөрдө колдонуларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин жыйынында аты аталган жаран, Текебаевдин айтымында, портал аркылуу эки жолу кайрылган, аягында документи толук болгондон кийин виза алган.

Парламенттин 29-январдагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилигин виза боюнча коррупцияга айыптап, мекеменин ишин текшерүүнү сунуштаган. Ал былтыр 15-ноябрда “Алдаухов аттуу немис жараны эки жолу арыз берип виза алганын, бул опузалап акча талап кылуу” экенин айтып чыккан.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG