Сот абактагы Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын четке какты
Бишкектин Биринчи май райондук соту 3,5 жылга кесилген активисттин жаза мөөнөтүн жылдыруу боюнча арызды 29-январда карап, канааттандыруусуз калтырды. Өтүнүчтү Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемеси берген. Сотко Аранова өзү онлайн катышты. Былтыр 21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокаттарынын кассациялык арызын карап, Бишкек шаардык сотунун аны 3,5 жылга кескен чечимин күчүндө калтырган. Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде 14 жашка чейинки балдары бар соттолгон адамдардын жаза өтөөсүн кийинкиге калтырууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу норма жазылган. Аранованын 11 жаштагы кызы бар.
Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду, Ирина Карамушкинаны, Роза Түрксеверди 13-февралга чейин камакта калтырды
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрүнүн бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренеси боюнча шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялап, мындай чечимин "мыйзамсыз иштерге протест" деп түшүндүргөн. 24-январда Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чарасына катышып жатканда эс-учун жоготуп жыгылганын анын башка адвокаты Аскат Алымкулов билдирген.
Депутат Жанарбек Акаев блогер Жолболдуеванын билдирүүсүн текшерүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында зомбулук көрдүм деген билдирүүсүн күч органдары текшерип, факты аныкталса катаал чара көрүүлүшүн талап кылды. “Түрмөлөрдө аялдарга мындай мамиле болбошу үчүн катуу жаза колдонушуңар керек. Бул өтүнүч эмес, бул талап”, - деди Акаев. Укук коргоо органдары Акаевдин билдирүүсү боюнча жооп бере элек. Укук коргоо органдары Акаевдин билдирүүсү боюнча жооп бере элек. Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2024-жылдын 25-декабрындагы түз эфирде видеокайрылуу жасап, 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыккан. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын да билдирген.
Эки жылдык тыныгуудан кийин Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы "Навои" көзөмөл-өткөрүү бекети кайрадан ачылды
Өзбекстан "Навои" көзөмөл-өткөрмө бекетин, ал эми казак тарап "Капланбек" бекетин ачты. Эки бекетте тең модернизациялоо жана техникалык жаңылоо иштери жүргүзүлгөнү, эми анын иши мурункудан натыйжалуу болору кабарланды. Казакстандын Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматы боюнча, жаңыланган бекеттен күн сайын 20 миң адам жана 800 унаага чейин өтүп турары болжомолдонуп жатат. Бул мурунку көрсөткүчтөн 4-5 эсеге жогору. Бекетти кайра ишке киргизүү иштеринен улам 27-январдан 5-февралга чейин жеке адамдардын, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын жана автобустардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. 5-февралдан тарта өткөрүү пункту толугу менен иштей турганы айтылды.
Украина: Зеленский Орусияны тынчтыкка “мажбурлоого” чакырды
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин тынчтык келишимине кол коюуга даяр эместиги тууралуу айтканына жооп берди. Зеленский өз сөзүндө "чыныгы тынчтыкка жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар", бирок Путин "киши өлтүрүүнү улантып же кайрадан толук масштабдуу чабуулун даярдоо үчүн тыныгуу алгысы келет" деп айткан. Зеленский дүйнө лидерлерин мурунку катачылыктарды эске алып, Орусияны тынчтыкка “мажбурлоого” чакырды. Зеленский буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп орус-украин согушун башкаларга караганда тезирээк бүтүрө аларын айткан сөздөрүн кайталады. Дүйшөмбүдө Путин Зеленский менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр эмес экенин айткан. Ал Зеленскийдин бийлиги “легитимсиз” деп кайталап, Украинанын легитимдүү бийлиги деп Жогорку Раданы гана эсептей турганын айтты.
Reuters: Сириянын жаңы бийлиги Орусиядан Асадды экстрадициялоону талап кылды
Сириянын жаңы бийлигинин өкүлдөрү Башар Асаддын режими кулагандан берки расмий орус делегациясы менен болгон алгачкы сүйлөшүүлөрүндө “кенемте” жана “өткөндөгү каталарды оңдоо” маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу шейшембиде өткөн сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн отчетунда сөз болгонун Сириянын маалымат каражаттары жана Bloomberg жазды. Рейтер агенттиги Сириядагы жогорку даражалуу булагына таянып, Сириянын де-факто лидери Ахмед аш-Шараа Москвадан өткөн жылдын декабрь айында өлкөдөн качып, Орусиядан башпаанек алган мурдагы президент Башар Асадды экстрадициялоону суранганын жазды. Мындай талап расмий түрдө эч жерде жарыяланган эмес. Маалыматтарга караганда, орусиялык делегацияны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов жетектеп келген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясынын Сирияга сапарын маанилүү деп атап, Москва Дамасктын жаңы өкмөтү менен “диалогду куруп, улантуусу” керектигин айтты.
Индиядагы фестивалда кеминде 12 киши тепсендиде калып каза болду
Праяграж шаарындагы Маха Кумбх Мела диний фестивалында тыгындан кеминде он эки киши каза таап, ондогон адамдар жаракат алып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Би-Би-Си" радиосу жазды. Маалыматка караганда, тыгын шаршембиге караган түнү айрым зыяратчылар үч ыйык дарыя куюлган "Носу Сангама" деген жерге баратканда жаралган. Буга чейин жүз миллионго жакын адам зыярат кылары күтүлгөнү кабарланган. Индия өкмөтү жабыркагандар, каза болгондор бар экенин ырастады, бирок так маалымат тарата элек. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди “жакындарын жоготкондорго” көңүл айтып, жаракат алгандардын сакайып кетишин тиледи. Өлкөнүн президенти Драупади Мурму да тепсендиде жабыркагандар үчүн дуба кыларын жазды. 29-январда түшкө чейин 42 миллион адам зыярат кылганы кабарланды.
Шерине