Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Шаардык сот Султанбековду жана анын эки партиялашын камакта калтырды


Темирлан Султанбеков сот залында. 29-январь, 2025-жыл.
Темирлан Султанбеков сот залында. 29-январь, 2025-жыл.

Бишкек шаардык соту 29-январда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

9-январда Бишкектин Свердлов райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аларды 13-февралга чейин камакта калтырган.

Султанбеков тергөө абагында дарылануудан баш тартып, ачкачылыгын улантып жатканын адвокаты Айдана Ирсалиева 25-январда маалымдаган. 24-январда Султанбеков Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чарасына катышып жатканда эс-учун жоготуп жыгылганын анын башка адвокаты Аскат Алымкулов билдирген.

Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренеси боюнча шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялап, мындай чечимин "мыйзамсыз иштерге протест" деп түшүндүргөн.

Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Султанбеков абактан бир нече жолу бийлик жетекчилерине кайрылып, ага коюлган айыптарды четке каккан жана “саясий куугунтук” деп баалаган. (AiB/TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG