Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюмунун Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Беларустагы шайлоого байкоочу катары катышканын сынга алган билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп айыптады. Депутат бул тууралуу 29-январдагы сессияда айтып, Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) буга жооп берүүгө чакырды.
“Алар демократиялык принциптерди жана эл аралык нормаларды этибарга албагандык деп эсептеп, биздин эл аралык мамилебизге баа коюп жатышат. Ушул боюнча Тышкы иштер министрлиги реакция кылышы керек. Тапшырма берип коелу. Биздин ички саясатка аралашпасын”, - деди депутат.
27-январда баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптаган билдирүү тараткан.
КМШнын жана ШКУнун байкоочулар миссияларынын курамында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкерлери Беларуста өткөн шайлоого байкоо салганы барышкан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар да Минскиде болушту.
Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов FFE уюмунун билдирүүсү боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, президенттик шайлоого көз салууга эл аралык келишимдердин негизинде барганын билдирген.
Беларуста 26-январда президенттик шайлоо өттү. Добуш берүүгө КМШнын байкоочулары гана көз салды.
Еврошаркет жана Батыштын бир топ өлкөлөрү 2020-жылдагы шайлоодон кийин өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко легитимдүүлүгүн жоготкон деп эсептешет. Өнөктүктүн жыйынтыгы бурмаланганына каршы ири акциялар бир нече айга уланып, алардын катышуучулары аёосуз куугунтукка кабылган. Репрессия азыркыга чейин уланып келатат. Бир катар Батыш мамлекеттери жана оппозиция өкүлдөрү ал шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. (TSh)
Шерине