Бишкектеги Интергельпо көчөсүндө 28-январда окуучулар урнадан ымыркай таап алып, милицияга кабарлашкан. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Учурда ымыркайдын энесин аныктоо жана табуу иштери жүрүп жатат. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Ымыркай ооруканада экени кабарланды.
3-январда Кызыл-Кыя шаарындагы “Ал-Гуфран” атындагы мечитке эртең менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөдө, үйлөрдүн жанында же таштандыда калтырылган окуялар Кыргызстанда жыл сайын катталып келет.
Буга байланыштуу өкмөттүк кеңешмелер да өтүп, анын себептери жана алдын алуу чаралары талкууланган. Ал жыйындарда баласын бага албай жаткан аялдар каалаган убакта атайын социалдык мекемелерге кайрылса болору, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам берилери айтылган. (TSh)
Шерине