Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Матцаковдун адвокаттары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке какты


Самат Матцаков соттук отурумда. 28-январь, 2025-жыл.
Самат Матцаков соттук отурумда. 28-январь, 2025-жыл.

28-январда Бишкек шаардык соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча анын адвокаттарынын арызын карады.

Отурумда адвокаттар ишти карап жаткан судьялар коллегиясынын эки судьясына жана прокурорго ишенбестик көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Айыпталуучу Самат Матцаков адвокаттын сөзүн түшүнбөй калганын айтып, отурумга котормочуну камсыздап берүүнү суранды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Адвокаттар мындан сырткары Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү тууралуу президенттик администрациядан түшүндүрмө алууну суранышты.

Бишкек шаардык соту адвокаттын ишине байланыштуу отурумду 30-январда улантмай болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду былтыр 29-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат адвокатка козголгон иш тууралуу алты күндөн кийин гана, 5-декабрда маалымат берип, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.

Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Декабрдын соңунда судья Бекенов Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узарткан.

Мындан соң Матцаковдун адвокаттары аны кармоонун мыйзамдуулугу жана абакка камоо тууралуу чечимдерине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышкан. (MKt\ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG