Кыргыз бийлиги АКШдагы кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу билдирүү таратып, Кошмо Штаттардын бийлиги чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу жүрүүгө негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатканы белгилеген. Андыктан кыргыз бийлиги "АКШнын аймагында жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландаштырган кыргыз жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону, өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү" эскертет. Маалыматта айтылгандай, суроолор менен Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине, Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылса болот. Президент Дональд Трамп ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.
Кантта мушташта каза болгон окуучунун иши иликтенип жатканы маалым болду
Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Чүй облусунун Кант шаарында каза болгон окуучунун ишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алганын билдирди. "Бул иш боюнча мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлүп, адилеттүү чечим кабыл алынат.", – деп Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей каза болгону 26-январда белгилүү болгон. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка жеткен. Экөө тең жараат алган. Мушташка эмне себеп болгону айтылган жок.
Улуттук банктын кирешесин кайрадан республикалык бюджетке алуу сунушталды
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карады. Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев Улуттук банктын 2024-жылы тапкан пайдасын 100% бюджетке которуу карала турганын, каражат республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтөрүн жана социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоого жумшаларын билдирди. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелис Аттокуров 2023-жылы өлкөнүн негизги банкы 12 млрд 416 млн сом киреше тапканын, ал 2024-жылкы республикалык бюджетке которулганын тактады. Аттокуров баштапкы эсептерге ылайык Улуттук банктын 2024-жылкы кирешеси 20 млрд сомго жакын сумма деп болжолдонуп жатканын, акыркы жыйынтыктар эл аралык аудиттин жыйынтыгы менен белгилүү болорун билдирди. Ал Улуттук банк бул пайданы алтынды алып-сатуудан тапканын маалымдады.
Өкмөт өкүлү “Керемет банкты” сатуудан алынчу каражаттар төлөнгөнүн ырастады
Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева банк сатылганы менен төлөмү толук түшө электиги тууралуу укканын, АКШ санкция салган соң ал кандай болуп чечилерин сурады. Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев “Керемет Банкты” Министрлер кабинети Улуттук банктан сатып алып, кайра жеке колдорго сатканын, алардан төлөмдөр толук алынганын билдирди. “Санкция киргизген себеби эмнеде? Ким күнөөлүү?” деген суроого министрдин орун басары "тиешелүү топ түзүлүп, ал боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат" деп жооп берди. 11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган. Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган.
Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды жарым жылга узартат
Санкциялардын мөөнөтү 31-январда аяктамак. Буга чейин санкциялардын узартылышына Венгрия каршы болуп келген. Будапештти көндүрүү үчүн Евробиримдиктин өкүлдөрү шаркеттин энергетикалык коопсуздугу тууралуу билдирүүнү жактырууга макул болушту. Тактап айтканда, Евробиримдик Киевден Украинанын аймагы аркылуу орус газын жана мунайын өткөрүүгө уруксат берүүнү суранат. Киевдин орус газынын транзитин 1-январдан тартып токтотуу чечими Венгрия менен Словакиянын кыжырын келтирген. Азыркы эрежелерге ылайык, Евробиримдик ар бир жарым жыл сайын санкцияларды узартууда. Бул үчүн шаркетке мүчө 27 мамлекет тең макулдук бериши абзел.
Польшада Освенцимдин бошотулганынын 80 жылдыгы белгиленди
Дүйшөмбүнүн таңында Польшанын президенти Анжей Дуда миллиондон ашуун киши жок кылынган Освенцимдин кире беришинде шам жакты. Аны советтик армиянын аскерлери 1945-жылы бошотушкан. Расмий иш-чаралар жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийин саат 16.00до башталды. Ага 56 мамлекеттин лидерлери жана эл аралык делегациялардын жетекчилери катышты. Арасында Германиянын канцлери жана президенти дагы бар. Алардан тышкары Холокосттон аман калгандар дагы катышат. 27-январь - миллиондогон киши, негизинен европалык жөөттөр өлтүрүлгөн Холокостту эскерүүнүн эл аралык күнү.
Январь окуясы: Казакстанда кримтөбөл Арман Жумагелдиев 20 жылга кесилди
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды. Алардын арасында кримтөбөл Арман Жумагелдиев (Дикий Арман), Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Кайрат Кудайберген, журналист Бердах Бердымурат, коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын өкүлдөрү бар. Өкүмгө ылайык, кримтөбөл Арман Жумагелдиев кандуу окуялар маалында кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кесилди. Ишкер Кайрат Кудайберген жана журналист Бердах Бердымурат сегиз жана жети жылга эркинен ажыратылды. Сот калгандарына бир жылдан 15 жылга чейин абак жазасын берди. Жумагелдиев абактан казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын" билдирген.
Шерине