Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 23-январдагы жыйынында Ош шаарынын мэри кызматына дайындалган Жеңишбек Токторбаевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмесинде кийинки орунда турган Пархат Тулендыбаевге Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты тапшырылды.
57 жаштагы Жеңишбек Токторбаев президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. 23-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токторбаевди жамаатка тааныштырып, мэриянын коллегиясына катышты.
65 жаштагы Пархат Тулендыбаев "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Ал кезде “Апрель” телеканалынын кабарчылары Жогорку Кеңештин депутаттарына микрофон сунуп, Кыргызстандын гимнин аткарып берүүнү суранган. Тулендыбаевдин жообу интернетте катуу талкууга жана сынга кабылган. Кийин ал гимнди туура эмес ырдаганы үчүн элден кечирим сураган. (КЕ)
Шерине