Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

ТИМ Түркияда зомбулукка кабылган кыргызстандык келинге жардам берип жатканын билдирди


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Анталия шаарында сабалган кыргызстандык келин тууралуу 23-январда маалымат таратты. Анда айтылгандай, 21-январда Анталиядагы консулдукка келинди күйөөсү сабаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жана Түркиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келиндин баласы ошол эле күнү апасына берилген.

Буга чейин анын күйөөсү баласын алып койгону айтылган.

"Жергиликтүү полиция жабырлануучунун күйөөсүн кармап кеткен жана козголгон кылмыш ишинин алкагында иш-чаралар уланууда”, - деп жазылган маалыматта.

Министрлик бул маселени көзөмөлдөп турарын жана Анталиядагы консулдуктун кызматкерлери жабырлануучу менен байланышта болуп, укуктук жардам көрсөтүүдө көмөктөшөрүн кошумчалаган.

22-январда Анталияда жашаган кыргызстандык келин түркиялык күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Алып баруучу Ассоль Молдокматова келиндин денесинде көгала издер бар экенин жана колу бычак менен кескиленгенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Түркияда жашаган кыргызстандык кыз-келиндерге карата зомбулук жасалган факты буга чейин да катталган.

2022-жылдагы расмий маалыматка ылайык, Түркияда жашаган 25 миңден ашык кыргызстандык каттоодо турат. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG