Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

"Эмилия Перес" тасмасы "Оскар" сыйлыгына 13 номинацияда ат салышат


 "Эмилия Перес" фильминде башкы ролду ойногон актриса Карла София Гаскон.
"Эмилия Перес" фильминде башкы ролду ойногон актриса Карла София Гаскон.

Америкалык киноакадемия 23-январда "Оскар" сыйлыгынын быйылкы номинанттарын жарыялады.

"Нетфликс" компаниясынын "Эмилия Перес" мюзикл-тасмасы 13 категорияда сыйлыкка көрсөтүлдү.

Режиссер Жак Одиардын фильми "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Мыкты сценарий" жана башка номинацияларда ат салышат. Ал эми башкы ролду ойногон Карла София Гаскон "Мыкты актриса" наамына көрсөтүлдү. Муну менен ал "Оскар" үчүн ат салышкан биринчи трансгендер актриса болуп калды.

"Мыкты тасма" номинациясында көрсөтүлгөндөрдүн арасында Дени Вильневдин "Дюна: Экинчи бөлүк", Шон Бейкердин "Анора" жана башка фильмдер бар. "Мыкты актриса" сыйлыгы үчүн Деми Мур, Фернанда Торрес сыяктуу актрисалар ат салышат.

"Мыкты актер" категориясында Тимоти Шаламе, Эдриен Броуди жана башка актерлор көрсөтүлгөн.

"Экинчи пландагы мыкты актриса" сыйлыгы үчүн ат салышкандардын арасында поп-ырчы Ариана Гранде бар. Ал эми "Экинчи пландагы мыкты актер" номинациясында көрсөтүлгөндөрдүн катарына орусиялык актер Юра Борисов киргизилген.

Лос-Анжелесте токойлорду каптаган өрттөн улам номинанттар бир жума кеч жарыяланды. Тилсиз жоо 26 адамдын өмүрүн алып, миңдеген турак жайларды күлгө айлантты.

"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2-мартта өтөт. Аны америкалык куудул Конан О'Брайен алып барат.

Шерине

XS
SM
MD
LG