Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

ИИМ Телеграм менен баңгизат саткан каналдарды жабууну сүйлөшүп жатканын билдирди


Ички иштер министрлиги интернет аркылуу баңгизат сатууга бөгөт коюу, алдын алуу максатында Telegram мессенжеринин ээси Павел Дуров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ики иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңеште балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттары, психотроптук заттардын колдонушун алдын алууга багытталган мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди. Ал сүйлөшүү Санарип өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Азыр мындай соцтармактарды толук кандуу жаап коюуга мүмкүнчүлүктөр жок. Бирок ИИМ жаңы техникалык каражаттарды Санарип өнүктүрүү министрлигинен алып келип жатат. Мыйзамдар жол берсе, сот аркылуу ошол сайттарды жабууга мүмкүн болот. Мындан сырткары биз Telegram каналы, ээлери менен дагы байланышып жатабыз. Ошондой сайттарды бөгөт коюп, жарнамаларды чыгарбагыла деген максатта анын негиздөөчүсү Павел Дуров менен, анын компаниясы менен байланышка чыгып жатабыз", - деди министрдин орун басары Нурбек Абдиев.

Мунун алдында депутат Марлен Маматалиев учурда социалдык тармактар аркылуу баңгизат сатылып жатканын белгилеп, мамлекеттин ушундай баракчаларды жабууга мүмкүнчүлүгү бар-жогуна кызыккан.

Айрым депуаттар синтетикалык баңгизатты жаштар көп колдоно баштаганын, буга байланыштуу жарнамалар социалдык тармактарда, өзгөчө Телеграм каналдарда көп экенин айтып чыгышты. Эл өкүлү Таалайбек Масабиров Телеграмды Кыргызстандын аймагында жабууну дагы сунуштады.

Парламентте бүгүн “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алды.

ИИМ буга чейин синтетикалык маңзат кирешелүү жана өндүрүүгө жеңил болгондуктан, өлкөдө маңзат лабораториялары ачылган учурлар бар экенин айткан. Алсак, укук коргоо органдары 2021-жылы 1, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы 4 лабораторияны аныктаган.

Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты жаштар көп колдоно баштаганын эскертип келет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG