Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Тажикстанда коргоо министри баштаган жетекчилер кызматтан кетти


Тажикстандын мурдагы коргоо министри Шерали Мирзо
Тажикстандын мурдагы коргоо министри Шерали Мирзо

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 23-январда коргоо министри баш болгон бир катар жогорку даражалуу жетекчилерди иштен алып, жаңыларын дайындады.

12 жылдан бери Коргоо министрлигин жетектеп келген Шерали Мирзо президенттин буйругу менен 23-январда жаңы кызматка өттү. Ал мындан ары Тажикстан өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сырларды коргоо боюнча башкармалыкты жетектейт.

Ал эми Коргоо министрлигинин башына 53 жаштагы Эмомали Собирзода дайындалды. Ал буга чейин министрдин биринчи орун басары жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчисинин кызматын аркалап келген.

Андан тышкары өкмөттөгү талаштуу фигуралардын бири, президенттин ишенимдүү адамы деп саналган, байланыш министри Бег Сабур дагы иштен алынды. Ал ардактуу эс алууга кетти.

Бег Сабур интернеттин ылдамдыгы начар жана баасы кымбат болгону үчүн ар дайым сынга алынып келген. Ал өзү президент менен жакшы алакада экенин жашырчу эмес. Бег Сабурдун ордуна 35 жаштагы Исфандиери Садулло дайындалды. Ал буга чейин "Телерадиокомдун" жетекчисинин биринчи орун басары болгон.

Андан тышкары президенттин буйругу жана өкмөттүн токтому менен бир катар институттардын жетекчилери ишке алынды.

Президенттин кадрдык алмашуулар тууралуу чечиминин себеби белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG