Шашылыш билдирүү
23-январда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
24-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшөт жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрдик аралык кыймыл сакталышы зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндуз -7…-12.
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптайт, жаан-чачын ыктымалы аз. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -17…-19°, күндүз -4…-6° суук болот.
Шерине