Улуттук банк 2027-жылдан баштап санарип сом киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.
Өлкөнүн башкы банкынын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров депутаттарга баяндама жасап түшүндүргөндөй, санарип сом Кыргызстандагы улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп калат. Учурда акчанын накталай жана накталай эмес формалары колдонулуп жүрөт.
Санарип сом башка формадагы валюталар сыяктуу колдонула берет. Жаран кааласа аны накталай же накталай эмес түрүнө да которуп алса болот. Санарип сомду бир гана Улуттук банк иштеп чыгат жана жоопкерчилик да ушул мекемеде болот.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы санарип сомдун өзгөчөлүгү тууралуу суроо берди. Аттокуров акча каражатынын бул түрү коопсуздукка ылайыкташарын, жүргүзүлгөн транзакцияларга көзөмөл салып туруу мүмкүн болорун белгиледи.
“Колдонуучуларга дээрлик айырма деле байкалбайт. Биз муну эмне үчүн киргизип жатабыз? Учурда дүйнөдө технологиялык каржылык ресурстар өнүгүп жатат. Бул валютанын түрүн көп мамлекеттер иштеп чыгууда. Азыркы күндө кандай көйгөйлөр бар? Чек аралаш төлөмдөрдү жүргүзүү, комиссиялык чыгымдын көптүгү. Санарип сомдун кириши менен комиссия төмөн болот, канчалык аз болорун базар аныктайт”, - деди Аттокуров.
Санарип сом – улуттук валютанын үчүнчү формасы катары жүгүртүүгө киргизилет жана ал жөн гана санарип код түрүндө болот. Жарандар санарип сомду бири-бирине которо алат, төлөм жүргүзүп, салык катары да төлөй алат. Бул каражатты криптовалюта катары кароого болбойт, аны бир гана Улуттук банк чыгарып, өзү көзөмөлгө аларын Аттокуров кошумчалады.
Дүйнөдө криптовалюта күч алгандан улам көп өлкөлөр улуттук жана борбордук банктар көзөмөлдөгөн мамлекеттик санариптик валютаны ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп келишет. Бир катар өлкөлөр өзүнүн санарип валютасын жүгүртүүгө чыгарган.
Кыргызстан Санарип сом концепциясын 2022-жылы кабыл алып, ошол эле жылы аны коомчулукка алгачкы ирет тааныштырган. (TAb)
Шерине