Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов дээрлик бир күндөн бери дайынсыз болуп жатканы айтылды. Бул тууралуу алгач аталган партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Ал 22-январдан тартып таң атканча бир нече жолу шаардык милицияга барышканын, бирок анын кайда экени тууралуу маалымат берилбей жатканын жазган. Ошондой эле адвокат менен бирге издеп жатышканын кошумчалаган.
Эрматовдун аялы Чолпонай Эрматова жолдошу менен акыркы жолу 22-январда саат 14:00дөрдө телефондон сүйлөшкөн бойдон кабар ала албай жатканын "Азаттыкка" ырастады. Ал жолдошунун уруп-сабалганы тартылган видеону жөнөтүшкөнүн айтып берди:
"Жолдошум менен кечээ түштөн кийин 2-3төрдө сүйлөшкөм. Жумуштар чыккандыктан келе аласыңбы деп чалганымда ал иште эмес экенин, анан байланыша турганын айткан. Ошол бойдон байланыша алган жокмун, кечирээк телефону өчүк болуп калды. Кечинде адвокат менен чогуу издешкенде аны ооруканадан көрүшкөн экен. Ошол видеосун мага жөнөтүштү. Ошого байланыштуу мен милицияга арыз жазганы жатам. Видеодо бети тытылып, уруп-сабалганы көрүнүп турат. Кабыргасынан катуу жараат алган окшойт. Азыр кайда экенин билбей жатабыз, бизге айтпай жатышат. Кайсы орган алып кеткенин дагы билбей жатабыз", - деди Эрматова.
Ал Эрмек Эрматов жана өзү дагы шайлоодогу добуш сатып алуу тууралуу айып боюнча ишине байланыштуу бир нече жолу сурак беришкенин кошумчалады.
Милиция азырынча Эрмек Эрматовго байланыштуу комментарий бере элек. Шаардык милиция маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.
22-январда Кадырбек Атамбаев милицияга сурак берип чыккан. Кийин ал суракка апасы Раиса Атамбаева дагы барганын жазды.
Азыркы тапта Социал-демократтар партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.
Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (КЕ)
Шерине