Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:54

Бишкектеги жаңы автобекет быйыл күзүндө ишке берилери айтылды


Бишкек шаарындагы жаңы автобекет.
Бишкек шаарындагы жаңы автобекет.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин билдирди. Бул тууралуу мэр 22-январда парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Бизге жаңы автобекет май-июнь айларында курулуп бүтөт деп жатат. Бирок биздин түзүлгөн шарттар боюнча күзгө чейин барат деп пландап жатабыз. Анткени кайра эле шашылыш түрдө, даяр болбогон жерге экинчи жолу көчүрбөй, иштер бүтүп, шарт түзүлүп, жоболор бүт аныкталган соң көчүрөбүз", - деди Жунушалиев.

Буга чейин ноябрь айында президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектеги жаңы "Ош" базары менен автобекеттин курулушу тууралуу маалымат берип, "акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган жаңы автобекет 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилерин" билдирген.

Былтыр 23-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Батыш автобекети ишин токтоткон. Муниципалдык бийлик аны шаардын түндүк-чыгыш четиндеги Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегине жылдырганын жарыялаган.

Шаар тургундарынын жаңы автобекетке жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыгынан соң өкмөт шаардын күн батыш четиндеги "Аккула" ат майданы жайгаша турган аймакка жаңы, заманбап автобекет куруларын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG