Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Татарстанда коргонуу ишканаларына мигранттарды тартуу сунушталды


Татарстандагы курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Татарстандагы курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга караштуу Татарстан жумуриятында мигранттарды коргонуу ишканаларына жумушка тартуу сунушталды. Мындай демилгени республиканын Мамлекеттик кеңешинин башчысы Фарид Мухаметшин көтөрүп чыкты.

Анын айтуусуна караганда, Татарстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам мигранттарга муктаж. Мухаметшиндин пикиринде, курулуш жана тейлөө кызматтарында иштеген чет элдик жумушчулардын көбүн ири ишканаларга тартуу керек.

"Биз чет элдик жумушчу күчтү кабыл алууга аргасызбыз. Алар менен көп иштеш керек. Курулуш жана башка тармактардан тышкары да аларды пайдалануу үчүн алгач даярдоо зарыл",- деди Мухаметшин.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путин жакында эле калк менен өткөргөн "түз байланыш" маалында өндүрүштө кадрлардын жетишсиздигин мойнуна алып, бул маселени чет элдик күчтү тартуу менен эмес, иш ыргагын күчөтүү менен чечсе болорун айткан.

Мигранттардын саны боюнча Татарстан Орусияда Москва, Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынан кийинки эле төртүнчү орунда турат. Алардын көбүн борбор азиялыктар түзөт. Келгиндердин 36% өзбекстандыктар, 20% тажикстандыктар жана сегиз пайызы кыргызстандыктар. Расмий каттоодон 99 миң мигрант өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG